19:32, 29 апрель 2024 Дш

Жол кире тарифин көтөрүү эмне үчүн зарыл? Түшүндүрмө

Бүгүнкү күндө жол кире тарифине коомдук транспортту өнүктүрүү, оңдоо жана тейлөө боюнча чыгымдар кирбейт. Бул техниканы иштен чыгара турган нерсе экенин Рустам Ташиев билдирди.

Анын айтымында, учурда коомдук транспорттон түшкөн каражаттын үчтөн бир бөлүгү эле айдоочулардын айлык акысына жумшалат.

"Албетте, калкка кымбат тарифтер жакпайт, мен ага кошулам. Бирок ыңгайлуу транспортту колдонуу үчүн ага көп каражат жумшаш керек. Жеңилдетилген тарифтер менен пенсионерлерди жана балдарды камсыздоо зарыл. Бирок тарифти жогорулатуу коомдук транспорттун бардык системасына оң таасирин тийгизерин белгилейм. Учурда коомдук транспорттон түшкөн каражаттын үчтөн бир бөлүгү эле айдоочулардын айлыгына кетет. Ал эми экинчи бөлүгү газ, дизелге, калганы техниканы карап, ремонттогон адистерге жумшалат. Буга кошумча салык төлөмдөрү дагы бар. Бул каражатты коомдук транспорт жол кире акысынан чогултса, үчтөн бир бөлүгү бюджеттен берилет, калганы чыгаша катары эсептелет. Чыгаша болгон жерде кантип өнүгүү болсун?" — деди Ташиев.

Ал учурдагы бардык чыгымдарды эсептей келгенде жол кире тарифинин өздүк наркы 30 сомдон ашарын кошумчалады.

Булак: Sputnik

up