10:35, 28 апрель 2024 Жш

“Мегаком” сатыкка коюлду

“Мегаком” сатыкка коюлду — Today.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурдагы “Мегаком” азыркы аталышы “Меганын” («Альфа Телеком» ЖАКсын) сатыкка чыгарды. 

Эми “Меганын” 8 700 100 акциясын, 100% мамлекеттик пакетин сатуу алууну каалагандар электрондук аукционго катыша алат. 

«Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакетинин баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомду түзөт.

Электрондук аукциондун кадамы – 200 000 000 (эки жүз миллион) сом. 

Арыздарды кабыл алуу бүгүн – 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталды. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт. 

up