21:21, 29 апрель 2024 Дш

19-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчөт

19-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчөт — Today.kg

19-сентябрда саат 09:00дөн 22:00гө Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Шаардагы Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү — темир жол, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында убактылуу суу жок болот.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

up