16:18, 15 май 2024 Шр

Бишкекте тез татым жайларынын биринде тамактан 10 адам ууланды

Бишкекте тез татым жайларынын биринде тамактан 10 адам ууланды — Today.kg

Бишкекте 7-июнда тез татым түйүндөрүндүн бириндеги тамактан он адам ууланды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти аталган жай текшерилгенин билдирди.

Анда жер-жемиштерди жана жумуртканы жууп-тазалоо эрежеси, дезинфекциялоо шарттары сакталбаганы белгилүү болду. Ошондой эле алынып келген азык-түлүктөрдүн документтерине байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Ошондой эле жумушчулардын айрымдарында медициналык күбөлүк болгон эмес. Мындан улам эки протокол толтурулуп, бул тез татым жайына 36 миң сом айып пул салынды жана иши убактылуу токтотулду.

Аталган департамент жарандарды тез татым жайларынан тамактанууда сак болууга, ууланууга мүмкүн болгон учурларды эске алууга чакырды.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кофе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон. 

up