18:46, 20 апрель 2024 Иш

Ташиев: Барак эксклавын Өзбекстанга берип, ордуна жер алдык. Эми элди көчүрөбүз

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо комиссиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Барак эксклавын Өзбекстанга берип, ордуна жер алмашканын билдирди.

Аталган эксклав Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт.

"Барак айылын алмаштырып алдык. Ал жактагы 208 гектар жерди Өзбекстанга берип, Кара-Суу району жактан ошондой эле суулуу, тептегиз, жакшынакай 208 гектар жер алдык. Эми демаркациялык иштер башталат. Анан эксклавдагы үйлөрдү көчүрүп чыгабыз. Тургундарга компенсация төлөп, үй салып беребиз. Эл Баракка барыш үчүн Достук чек ара бекети аркылуу айланып өтүп калышкан. Ошон үчүн элге жакшы шарт түзөлү дедик", — деп билдирди Ташиев.

Ошондой эле ал Баракта жашаган кыргызстандыктарды алыс жакка көчүрүп чыкпай, жакын эле жерге жайгаштырарын белгиледи.Өз кезегинде депутат Алишер Козуев Барактын эли айылды таштап чыгууга макул экенин билдирди.

Анын айтымында, барактыктар соңку жылдары гана "Достук" бекети аркылуу өтүп калышкан, андан мурда беш чакырым аралыктагы үйүнө Кызыл-Кыя аркылуу 300 чакырым жолду айланып барышчу.

Буга чейин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 10 калктуу конуш алмашыларын билдирген. Анын алкагында, Кыргызстан тараптан 429 гектар жер алып, 294 гектар бере турганын айткан.

 

up