14:50, 25 апрель 2024 Бш

Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциясы өтүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында бүгүн 17-ноябрда ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетишине каршы экенин билдирип чыгышты. Алар президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, Өзбекстан менен бирге даярдалып жаткан макулдашууну колдобоого чакырышты.

Ошону менен катар алар Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынган активисттерди жана саясатчыларды бошотууга үндөштү.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кооптонууга негиз жок экенин, чек араны тактоо иши жеңил болбогонун айтып, макулдашууга кол коюлса Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга көбөйөрүн билдирди.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.  

 

up