01:37, 21 май 2024 Шш

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы 2023-жылда жалпысынан 713 кылмыш иштерди караган

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы  2023-жылда жалпысынан 713 кылмыш иштерди караган — Today.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунунун 2022-жылдын 22-февралындагы 13-Б сандуу “Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышууда прокурорлордун ишин уюштуруу жөнүндөгү” буйругунун талаптарын аткаруу максатында, мамлекеттик айыптоону тиешелүү деңгээлде колдоо, соттордун мыйзамсыз чечимдерине убагында сапаттуу сунуштарды киргизип, мамлекеттин, коомдун жана жарандардын бузулган укуктарын ордуна келтирүү боюнча чаралар көрүлүп келет.

Ошондой эле, мамлекеттик айыптоону таасирдүү жана сапаттуу колдоо, мыйзамдуулукту сактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан кызматтык кылмыш иштер боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, талдоо көрсөткөндөй, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 2022-жылдын 12 айында 780 кылмыш иши 934 адамга карата каралып, анын ичинен жалпысынан 5 кызматтык кылмыш иши 9 адамга карата каралган.

Аталган кылмыш иштердин ичинен 3 кылмыш иши 4 адамга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан, 2 кылмыш иши 5 адамга карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан бекитилип, негизинен кароо үчүн, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жиберилген.

Каралган кылмыштардын квалификациялоосу боюнча бөлүп караганда:

- анча оор эмес кылмыштар – 2/2;

- оор кылмыштар боюнча – 2/6;

- өзгөчө оор кылмыштар боюнча 1/1 кылмыш иши каралган.

Аталган соттук актылардын ичинен, 3 кылмыш иши боюнча 7 адамга карата пробациялык көзөмөл колдонулса, 2 кылмыш иши 2 адамга карата Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-бер. 1-бөл. 12-п. талаптарына ылайык жазага тартуунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кыскартылган.

Ал эми, 2023-жылдын 12 айында жалпысынан 713 кылмыш иши  883 адамга карата каралып, анын ичинен  4 кылмыш иши 5 адамга карата кызматтык кылмыш иштери каралган.

Аталган кылмыш иштердин ичинен 2 кылмыш иши 3 адамга карата айыптоо актысы Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан, 1 кылмыш иши 1 адамга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан, 1 кылмыш иши 1 адамга карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан бекитилип, негизинен кароо үчүн, Бишкек шаарынын Сверлов райондук сотуна жиберилген.

Жүргүзүлгөн соттук териштирүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аталган кылмыш иштерине райондук соттор тарабынан ар кандай соттук актылары кабыл алынган.

Аталган соттук актылардын ичинен, 1 кылмыш иши боюнча 1 адамга карата пробациялык көзөмөл колдонулса, 1 кылмыш иши боюнча 2 адамга карата актоо өкүмү чыкса, 2 кылмыш иши 2 адамга карата Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-бер. 1-бөл. 12-п. талаптарына ылайык жазага тартуунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кыскартылган.

            Каралган кылмыштардын квалификациялоосу боюнча бөлүп караганда:

- анча оор эмес кылмыштар – 3/4;

- өзгөчө оор кылмыштар боюнча 1/1 кылмыш иши каралган.

2023-жылдын 12 айында 2  кылмыш иши боюнча, Бишкек шаардык сотуна райондук прокуратура тарабынан 2 аппеляциялык сунуш келтирилип, алар каралып, жыйынтыгында келтирилген сунуштар канааттандырылуусуз калтырылып, 1-инстанциядагы соттун чечимдери күчүндө калтырылган.

Сот өзү белгилегендей Кыргыз Республикасынын КЖПКде белгиленген принциптери сот иштин бардык жагдайлардын жыйындысын калыс жана жетиштүү түрдө карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерди баалайт, мында ал мыйзамды жана ыйманын жетекчиликке алат, ошондой эле судья далилдерди сот отурумунда изилденген далилдердин жыйындысына негизделген ички ынанымдары боюнча, мыйзамды жетекчиликке алуу менен баалары так көрсөтүлгөндүгүнө карабастан ал укуктук, мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнөн, сот адилеттүүлүгүнөн тайып, жогорудагы актоо же мыйзамсыз кыскартуу өкүмдөрүн чыгарган.

Андыктан, соттордун бул чечимдери иштин жагдайларын көңүлгө албастан, иш боюнча далилдер толук, ар тараптуу изилденбей бир тараптуу каралып, эч негизсиз, алдын ала чыгарылган.

Көрсөтүлгөн жагдайлар, сот тарабынан жогоруда аталган чечимдерди кабыл алууда, жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтун оордугун жана башка жагдайларды эске албагандыгын айгинелейт.

Мындан улам, 2022-2023-жылдары аталган багыт боюнча, бир катар актоо өкүмдөрү жана мыйзамсыз кыскартуу жөнүндө соттун чечимдери кабыл алынгандыктан, Бишкек шаарынын Свердлов райондук  прокуратурасынын ыкчам кеңешмесинде сотто мамлекеттик айыптоону колдогон мамлекеттик айыптоочулардын жана тергөө иштерине көзөмөл жүргүзгөн кызматкерлердин катышуусу менен талкуу иштерин жүргүздүү.

up