23:46, 20 май 2024 Дш

5 миң сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыкты

Улуттук банк 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы, номиналы 5000 сомдук банкнотун жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Жаңы үлгүдөгү 5000 сом банкнотунда мурдагыдай эле алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын имаратынын сүрөтү сакталып калды. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөргөн жок.

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.

Улуттук банк 2024-жылдын 15-февралында 2023-жылы чыгарылган 20, 50, 100 сомдук жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарган.

2023-жылы 10-майдан тартып Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата 200, 500 жана 1000 сомдук улуттук валютанын жаңы үлгүлөрү чыгарылып, жүгүртүүгө киргизилген. Быйыл 15-февралда былтыркы үлгүдө чыгарылган 20, 50, 100 сомдук жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарылган.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргызстан улуттук валютасы – сомду 1993-жылы киргизген. Андан бери номиналдык банкноттор коргоо системасына байланыштуу бир нече жолу өзгөртүлгөн. Инфляциянын деңгээлине жараша 500, 1000, 5000 сомдук банкноттор киргизилген. Кийинчерээк 2000 сомдук номиналдагы банкнот саналуу эсепте чыгарылган. Учурда Кыргызстанда төрт монета жана сегиз кагаз түрүндө чыгарылган банкноттор жүгүртүүдө жүрөт. (ErN)

 

up