01:56, 21 май 2024 Шш

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди 

Президент Садыр Жапаровдун 7-9-майда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-майда Москвадагы Чоң Кремль сарайында Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына карата өткөрүлгөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.

Иш-чара Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери – Куба менен Өзбекстандын президенттеринин катышуусунда өттү.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты, андан кийин бир катар документтерге, чечимдерге кол коюп, кабыл алышты.

Президент Садыр Жапаров 9-майда иш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата аскердик парадга катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров жана Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары Россиянын президенти Владимир Путин, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 9-майда Бишкекке кайтып келди.

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди 

up