
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык балдар-Кыргыз Республикасынын эң маанилүү баалуулугу. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө, аларды жарандык-мекенчилдик жактан тарбиялоого өбөлгө түзүүчү шарттарды түзөт.
Ошол эле учурда, тилекке каршы, балдар өздөрү да мыйзам бузууларды жана кылмыштарды жасашат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесине ылайык, кылмыш жасаганга чейин он алты жашка толгон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кылмыш жасаганга чейин жашы он төрткө толгон бала адамды өлтүрүү (122-берене), ден соолукка оор залал келтирүү (130-берене), ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү (131-берене), зордуктоо (154-берене), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене), адамды уурдоо (165-берене), адамдарды соодалоо (166-берене), уурдоо (205-берене), мал урдоо (2051-берененин 2,3 жана 4-бөлүктөрү), тоноо (206-берене), каракчылык (207-берене), опузалап талап кылуу (208-берене), автомототранспорт каражатын айдай качуу (211-берене), башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу (216-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), террордук актысы (252-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), барымтага алуу (257-берене), атуучу куралды уурдоо же опузалап алып коюу (271-берене), бейбаштык (280-берененин 2-бөлүгү), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо (282-берене), баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу (286-берене), транспорт каражаттарын же каттоо жолдорун жараксыз абалга келтирүү (314-берене) үчүн ушул Кодекске ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.
2024-жылдын 9-айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын тергөөчүлөрү тарабынан 56 балага карата 85, оор кылмыштар боюнча 17 жана анча оор эмес кылмыштар боюнча 56 кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштардын жарымына жакыны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси, б.а. уурулук менен квалификацияланган.
Балдар тарабынан укук бузуулардын жана кылмыштардын жасалышына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан бардык толук чаралар көрүлүүдө, атап айтканда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү борборуна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана башкаларга прокурордук чара көрүүнүн тиешелүү актылары киргизилүүдө.
Ошондой эле туруктуу негизде райондук прокуратура жогоруда аталган ведомстволордун кызматкерлеринин катышуусу менен "жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу" темасында мектеп окуучуларына жолугушууларды өткөрүп, лекцияларды өткөрүп турат.
Баарыбызга белгилүү болгондой, балдарды тарбиялоо үйдөн башталат, буга байланыштуу быйыл район прокурорунун демилгеси менен тийиштүү мамлекеттик ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу менен мектептердин окуучуларынын жана ата-энелери менен систематикалык кеңири жолугушуулар өткөрүлдү.