11:47, 19 апрель 2024 Жм

Каныбек Иманалиев экс-президенттерди чогултуусу боюнча комментарий берди

Каныбек Иманалиев экс-президенттерди чогултуусу боюнча комментарий берди — Today.kg

Жакында Садыр Жапаров мурдагы өлкө башчыларынын башын бириктирип, Кыргызстандын келечеги, ынтымагы, биримдиги үчүн, Дубайга чогултканы маалым болгон. Экс-президенттерди чогултуусу боюнча коомдо ар кандай талкуулар жаралды. “Азаттык” радиосу  мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча саясий серепчилердин, саясатчылардын ортосунда талкуу уюштурган. Бул талкууга экс-депутат Каныбек Иманалиев да келип, мурдагы президенттердин жолугушуусу туура кадам экенин баса белгиледи.

Каныбек Иманалиевдин айтканын өзгөртүүсүз беребиз: 

Биринчиден,  мен Садыр Нургожоевичтин кайрылуусунда үч нерсени окудум. Мен беш президентке тең калысмын, баарына бирдеймин. Экинчи, бизде ар бир келген президент  мурунку кеткенди жамандайт, а Садыр Жапаров мен жамандабайм деди. Беш президенттин, аны менен алты президенттин чогулуп бир пикирге, Кыргызстандагы консалидацияга келиши, улуттук биримдүүлүккө алып келе алабы дегендей айтылды.  Менимче мындай негизде алып караганда консалидацияга алып келе алат деп ойлойм. 

Биринчиден, ал  беш президент биздин өткөн тарыхыбыз, тарыхтан алып сала албайбыз. Мейли, бир президенттен жаңылдык, эки президенттен жаңылдык, үч президенттен жаңылдык, бирок бешөөнү тең жамандасак анда биз кимбиз? Биз шайлаганбыз да аларды. Биздин да жоопкерчилик бар да шайлоочу катары. Үчүнчүдөн,  биз бүгүнкү күндүн эмоциясынан баа беришибиз мүмкүн. Тарых аларды кечиреби, аны 20-30 жылдан кийин тарых чечет. А кимдин сот астында маселеси болсо ал сотко жооп берсин. 

Бирок эмдиги жылы биздин Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл болот, ошол жүз жылда Кыргызстандын тарыхына кылчайып карасак  20 падыша болуптур. Биринчи төртөө атылып кеткен, аларга биз  сый көрсөтө албай калдык. Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев. Алар кыргыз элинен сый көргөн жок. Тирүүсүндө атылып кетишти. Андан кийин 9 орус келген, бирөө якут. Экөө атууга кеткен, калганын Кремль алып келип, кайра алып кеткен. Анан Советтер доорунда үч биринчи адам болду. Разаков, Усубалиев, Масалиев. Үчөөнү кетип жатканда кандай тепкиледик эле? Алар мамлекетти башкарды да.

Баары бир жаңылгандыр, жаңылбас Алла Таллаа эле деп коет. Кыргыздын интеллегенциясы, бийликте жүргөндөр. Мейли, анда Москва кылды дейли, бирок, Эгемен мамлекет болгондон кийин, беш президент бешөө тең легитимдүү шайланды да. Бирөөнүн кемчилиги көбүрөөк, бирөөнүкү азыраак. Бешөө тең БУУда Кыргызстан мамлекетинин атынан барып сүйлөдү. Бешөө тең эл аралык келишимдерге кол койду. Ошол жүз жылдан биз сабак алышыбыз керек эле. Саясатта кек куу, кек сактоо биздей чакан элге эч жакшылык алып келбейт. А Садыр Жапаров ошол  кесепеттүү салтты бузуп, жаңы салт баштайын деп жатат. Ошолорду алып келип чогулуп, сүйлөштү.

Бакиев жана Атамбаев тууралуу…

Биринчиден, бирөөнү да Кыргызстанга алып келейин деген оюн окуган жокмун. Бизде талкууга алынган бир проблема болуп жатпайбы Бакиев деген.  Бакиев боюнча менин позициям сот астында жоопкерчилиги болсо,  жооп бериши керек. Аны эч ким коргой албайт.  Бирок, мурунку президенттер менен жанагыдай кадамдарга барып, жолугушуусу жеке мен Кыргызстандын жараны катары, шайлоочусу катары колдоого татыктуу деп ойлойм.

Соттолгондугу тууралуу айтсак, ал Кыргызстандын территориясына кирип келсе,  киргенден тартып Кыргызстандын мыйзамы иштейт. Балким ошондо суроо туулуусу негиздүү болмок. Ал  өзүнүн саясий беделин тобокелчиликке салып, Дубайга учуп барганы ошол себептен болсо керек. Бул жеке менин баам. А ич ара кандай сүйлөшүү болгонун билбейм.

Кыргызстанда кызматы жок,  жөн  эле жүргөн он саясатчынын  башын кошуп отургузуш өзү проблема. Бири-бирине антипатиясы бар, симпатиясы бар, компроматы бар кызматы жок эле. А мындай учурда беш президентти чогултуп, бир пикирге келүүнүн өзү колдоого татыктуу нерсе. Саясатта бул бир кадам алдыга  жылуу дегенди билдирет. Бул жакта эч ким укукту тебелеген жок.

Экинчиден, 30 жылдык тарыхты эч жакка чийе  албайбыз. Бешөөнүн өзүнчө саясий тагдыры бар. Кылган ишине жараша. Бешөөнүн кадрлары бар азыркы күндө. Ар кайсы жакта иштейт. Кээ бири иштен кеткен. Эң негизгиси баарынын тең электораты бар.  Деталдаштыра келсек негизги конфликт  Алмаз Шаршенович менен Бакиевдин ортосунда болуп жатат. Экөөнүн тең тарапкерлери бар. Ал укуктук тарапта гана чечилиши керек. 

Анан суроо болуп кетпедиби булардын саясатка кандай пайдасы бар деп. Мисалы азыр Отунбаева ООНдун  Афганистан боюнча өкүлү, эң абройлуу инсан. Азыркы глобалдаштыруу мезгилинде, региондор тынч болбой турган учурда ал кишинин ООНдогу позициясы бул биз үчүн өтө маанилүү. Биз аны бүгүн четке кага албайбыз. Саясий консалидация деп өзүңөр айтып кеттиңер.

Президент Садыр Жапаров өзүнүн сөзүн айтты. Менин угушумча, ал жерде мындай болгон, башында Садыр Жапаров  мурдагы президенттерди чогултан,  алар бири-бири менен дагы кер-мур айтышкан. Баарыңардын президент болуп турган учурда кан аккан, Аксы окуясы, Ош окуясы, Июнь окуясы, Апрель окуясы баарын айтып адегенде куран окуп арбактардан кечирим сурайлы деген. Бул кыргызчылык, мусулманчылык жагынан дагы туптуура кадам деп ойлойм. 

Экинчи айткандан кийин чын эле экс-президенттер ошол демилгени колдойбу аны иш жүзүндө көрө жаталы. Азыр жеке таарынычтардан бийигирээк болуп, мамлекеттик ири, улуттук ири долбоорлорго келгенде биргелешибиз керек.

Биз катышкан алты адамдын үчөөнү гана уктук, калган үчөөнү уга элекпиз. Экинчиден,  саясаттагы компромиске келүү бул  алдыга койгон бир кадам. Садыр Жапаровдун мурунку президенттерди жамандабай, улуттун энергиясын, максатын мүдөөсүн  келечекке багыттайм дегени  колдоого татыктуу.

Булак: Азаттык радиосу

up