04:57, 19 апрель 2024 Жм

12-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт

12-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт — Today.kg

Өлкө синоптиктеринин божомолунда, 12-январда абанын температурасы төмөндөйт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;

Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -8…-13;

Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -17…-22;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22, күндүз -14…-16 градус болот.

Тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20°;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28°,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Булак: Марал ФМ

up