00:26, 29 март 2024 Жм

Бишкекке Кытайда чыгарылган 20 автобус алып келинди

Бишкекке Кытайда чыгарылган 20 автобус алып келинди — Today.kg

Бишкек шаарына Кытайда чыгарылган 120 автобустун биринчи партиясы, 20 автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Holding Co., Ltd. компаниясынан сатып алган. TX автобустары 10,5 метр, газ кыймылдаткычы менен жүрөт жана кондиционери бар.

Автобустун сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, анын 26сы отургучтар.

Жаңы автобустар декабрдын орто ченинде келери айтылган.

Мэрия мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында 120 электробус сатып алат.

 

 

 

up